super.kg logo

Өлкөдө кесарево менен көз жарган аялдарга акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт

 

Өлкөдө операция жолу менен көз жарган аялдар акысыз медициналык кызмат ала алышат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан маалымдашты.

Маалыматта жазылгандай, кош бойлуулуугу боюнча каттоого тургандар, көз жара турган жана төрөттөн соң оорусу өтүшүп кеткен аялдар (төрөттөн кийин 10 апта аралыгы) стационардык жана амбулатордук деңгээлде акысыз медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары жогорудагы категорияга кош бойлуулуктун патологиясы менен ооруканада дарылануу (диагноз боюнча), социалдык жана медициналык көрсөтмө боюнча бойдон алдыргандар дагы кирет.

Фонддун милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) программаларын реализациялоо башкармалыгынын жетекчиси Жипара Азизбекова ар бир төрөткананын жектекчилиги дары-дармек каражаттарына мониторинг жүргүзүп туруу зарыл экендигин айтты.

"Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында кесарево операциясы акысыз медициналык кызмат болуп саналат. Ошондуктан ар бир төрөт үйүнүн жетекчилиги ар дайым дары-дармек каражаттарына мониторинг жүргүзүп турушу зарыл. Анын ичинде наркоз каражаттарын жана операция блокторду камсыздап турушу зарыл", - деген Азизбекова.

Камсыздандыруу полиси жок аялдарга ММК фонду бир жылга акысыз ММК (ОМС) полисин берет. Анын негизинде кош бойлуу айымдарга жеңилдик берилген дары-дармектерди (йод, фолий кислотасы, аз кандуулукка каршы препараттар жана башкалар) дарыгердин көрсөтмөсү боюнча арзаныраак баада ала алышат.

Эгер медициналык кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз түрдө акы төлөө талап кылынса же башка суроолор жаралса ыкчам байланыш номерлерине байланышууга болот: ММК 113 (чалуу акысыз). Иштөө мөөнөтү 09:00дөн баштап 18:00гө чейин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.02.2022. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жомокту айтпагыла, мен кесарево болуп торогомун мисалы, расходдорун аябай жакшы билемин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: