super.kg logo

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору шаардык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөт

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун кайра түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан иштерди түшүндүрүү максатында бүгүн, 1-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган борборго барып, кызматкерлери менен баарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө Бейшеналиев министрлик Бишкек мэриясы менен макулдашуудан кийин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу жолу менен кайра түзө турганын түшүндүрдү.

Учурда министрликтин юристтери борборду кайра түзүү боюнча тиешелүү документтерди даярдап жатышат.

Аталган борборду шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына айландыруу менен калкка күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү жеткиликтүү болот. Шаардык тез жардам ооруканасы курч оорулар, травмалар, кырсыктар, уулануулар, ошондой эле массалык жаралар, кыйроолор, авариялар учурунда калкка күнү-түнү кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн шаардын көп тармактуу адистештирилген мекемеси болуп калат.

Ошондой эле каржылоо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржыланары айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: