super.kg logo

Ишкана 10 миллион сом зыян тарткан. Ала-Букада алтын казган компанияны карактагандар кармалды

 

Ала-Букада алтын казган компанияны карактоого шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя былтыр, 8-ноябрда түнкү саат 02:30 чамасында болгон. Анда бет капчан белгисиз адамдар компанияда иштеген чет өлкөлүк жана жергиликтүү кызматкерлерди сабап, бирине карата ок чыгарган. Кийин кызматкерлердин биринин 20 миң сомун, сейфте турган эки килограммга чукул алтынды алып, короодо турган унаалардын бирин талкалап, экинчисин айдап кетишкен.

Натыйжада кен казуучу ишканага жалпы 10 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген.

Кийин кылмышка шектелип Ала-Бука районунун 3 тургуну кармалган. Алар 1992-жылы төрөлгөн Ч.Б., 1995- жылы төрөлгөн Т.С. жана 1996-жылы төрөлгөн М.Ж. аттуу тургундар болгон.

Тергөө иштери башталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: