super.kg logo

"Студенттердин стипендиясын бербей келген". Кара-Балтада кесиптик лицейдин директору кызматынан бошотулду

 

Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейдин директору кызматынан бошотулду. Буга студенттердин стипендияларды ала албай жатканы себеп болгон дешет Акыйкатчы институтунан.

Белгилүү болгондой, акыйкатчыга М.Б. аттуу жаран кайрылуу жасаган. Анда ал өзү окуган Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейде 2020-жылдын сентябрь айынан 2021-жылдын март айына чейин студенттер тийиштүү стипендияларын ала албай жатышканын билдирген. Айтымында, акчаны лицейдин директору жана башкы бухгалтери жеке максаттарына жумшашкан.

"Бул кайрылуунун негизинде Билим берүү жана илим министрлигине сунуш киргизилди. Ошондой эле бул кайрылуу УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына да жөнөтүлүп, учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканы белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлиги Эмгек кодексине ылайык, Кара-Балта шаардык №102 кесиптик лицейинин директоруна сөгүш жарыялады. Ошондой эле лицейдин директоруна карата УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп, бүгүнкү күндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү чыга электигине байланыштуу У.Т Керимбаевди иштен четтетүүгө мүмкүн эместигин билдиришти.

Акыйкатчы аппараты министрликтин позициясына каршы болуп, маалыматты жарыялагандан кийин 17-январда лицейдин директору өзүнүн берген арызына ылайык кызматтан бошотулду", - дешти аппараттын маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.02.2022. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындайга келгенде эле закондуу турдо болуп калат карапайым калкка куноосу жок болсода куноолоп камап жиберишет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: