super.kg logo

"Ата-энелер нааразы болуп кайрылышат". Жапалактагы бала бакчада мыйзам бузуу аныкталды

 

Ош шаарынын Жапалак айылындагы бала бакчалардын биринде санитардык эрежелерди жана административдик нормаларды бузуу фактылары аныкталды. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

"Ош шаарында бала бакчалардын ишине көзөмөл жүргүзүү башталды. Анда Жапалак айыл аймагындагы "Актан" бала бакчасына мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан бала бакчанын ашканасынын кызматкерлери тарабынан тамак-аштын сапаты жана санитардык-гигиеналык эрежелери боюнча бир катар бузуулар аныкталды. Ошондой эле аталган бала бакчанын ишмердүүлүгүнө жана балдарды кабыл алуусуна талдоо жүргүзүлдү", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишине мониторинг жыл сайын бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп келет. Буга тамак-аштын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына нааразы болгон ата-энелердин көптөгөн кайрылуулары себеп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.02.2022. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Наристелердин ырыскысын жумушчулары эле жеп коюшат
02.02.2022. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда бир эле бала бакча эмес дээрлик мектеп,ооруканаларда деле ушул көйгөй чечилей эле келе жатат.озу садиктерден баштап бүт мамлекетик ишканалардын жетекчилеринен баштап майда барат жумушчуларына чейин алмаштырып жетекчилерине каттуу чара колдонуш керек жаш кадрларды алып келиш керек.мектеп садиктерде бүт эле пенсия жашындагы эжекелерибиз тааныш тамыр болуп ээлеп алышкан.бул эжекелерге чооң рахматыбызды айтып сарппай кийгизип ардактуу эс алууга чыгарыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: