super.kg logo

Министр: “Кумтөр элге кайтты, эми Сабырбек Жумабеков ээлеп алган оорукананы элге кайтарыш керек”

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүү боюнча пикирин билдирди.

Ал Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун кайра түзүүнү “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сүрөттөдү. Себеби Сабырбек Жумабеков жогорку кызматтагы тааныштары аркылуу ал жердеги оорукананы жоюп, жок жерден эле аталган борборду түзүп, өзү кетпес жетекчи болуп алган дейт.

“Мен эл үчүн иштегим келет. Мына "Кумтөр" кени деле элге кайтпадыбы, оорукана дагы элге кайтарылышы керек. Ал жерде Сабырбек Жумабеков жок жерден эле борборду түзүп, өзү жетекчи болуп алган”, - дейт министр.

Андан сырткары Жумабеков Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунда өзүнчө эле “хандык” уюштуруп, “хан” болуп алган дейт.

“Ал жерге өзүнүн адамдарын, тааныштарын топтоп алган, муну элдин баары билет. Жадакалса оорукананын тазалык кызматкерлеринен бери тааныштары экен”, - деди Бейшеналиев.

Мындан сырткары борбор министрликтен каржыланганы менен министрликке баш ийбестигин билдирди.

“Ал борборду мэрияга өткөрүп алыптыр, ал эми аларга акчаны министрлик берет. Анын саясатчы, жогорку бийликте иштеген тааныштары көп болгондуктан башка министрлер коркуп тийише алышпай келишкен. Мен коркпойм, мен хирургмун, кызматыман алышса хирургдугумду улантып иштей берем. Мен эл үчүн иштегим келет, оорукананы элге кайтарыш керек.

Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлгөндө ага Сабырбек Жумабеков эмес, башка жетекчи дайындайбыз”, - деди министр.

Сабырбек Жумабеков менен байланышуу аракетибизден натыйжа чыкпай, бир нече жолу уюлдук телефонуна чалганыбызга жооп бербеди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(14)
02.02.2022. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Усатый старый таракан.
02.02.2022. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Азаматсың,андай кыйын,эл үчүн иштесең,Мамакеев Мамбет ээлеп алган жайдыда элге кайтар,ошондо ишенебиз,же тишиң өтпөйбү Мамакеевге
02.02.2022. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушуну жөн эле койбойбу бул кишинин колунан канча үмүтсүздор басып элден кем калбай басып аралашып жүрөт керек болсо борбор Азиядагы эң жакшы травматология кошуна өлкөлөрдөн да келип даарыланып кетишет өз кесибин сүйгөн мыкты адам мен да үмүтсүз калганымда ушул кишини угуп барып дарыланган баса албай калган болчумун азыр Аллага шүгүр баары жакшы менде!
02.02.2022. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
S_E_M,туура, бул кишинин элге кылган кызматын угуп журобуз бирок, мамлекеттик мекемени озуно откоруп алган туура эмесда, байлык бийлик акча ж.б баары калат, тиги дуйного алып кете албайсын, курсак ток, кийим бутун шугур деп жашообуз керек
02.02.2022. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооо аконит ичкен министр,дагы башына тал кулабасын жон эле журчу)))Сабырбек Жумабековдун колунан канча адам шыпаа таап айыгып кетип жатат, канча адамга бекер операция жасайт. Уялсан боло!!!!
02.02.2022. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дагы көзгө жеп жүрбө
02.02.2022. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушунусу ашыкча болуп кетти
02.02.2022. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туура элдики элге иштесин
02.02.2022. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабырбек Жумабековдун элге кылган эмгеги ото зор.Министрдин оюна кошулбайм.Сабырбек Жумабеков кай жерди иштетпесин элдин керегине иштетип жатат.
02.02.2022. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жумабеков жакшы ортопед болгону менен эн коррупционных схемада иштеген больница ал
02.02.2022. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы Хирург болсо эле Мамлекеттин Элдин мүлкүн каражатын уурдата бериш керекпи, ойлонуп жазсанар клавиатурный баатырлар, Мамлекетке кайтарыш керек туура кошулам....
02.02.2022. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул тараканга караганда Жумабеков 1000 эсе элге пайдасы тийген
03.02.2022. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабырбек Жумабековдун элге мээнети сиңген.Кыргыз өлкөсү эле эмес, Орто Азия мүмкүн Европа боюнча өз ишин мыкты билген инсан болушу мүмкүн.Жумабековко тийишпеш керек, ал киши элге керек.Бейшеналиевди лично мен минстр болгонго чейин тааныган да эмесмин.
03.02.2022. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чал да дооруй берет экен да, Жапаровдорго окшоп...

Кумтор элге кайтты деп калп айтып алышып калпы чыгып элге уят болуп турганда бир сен эле кем элен да. Кумтор мамлекетке кайтса кана далилин?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: