super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Кочкордогу абалы "мышык ыйлагыдай" оорукананы оңдоо үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну кайрылып, айылдагы №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн имаратынын абалы өтө кейиштүү экендигин билдирген.

Анын айтымында, аталган оорукананын чатырынан суу агып, бардык бөлмөлөрдүн шыптары түшүп калган. Ал эми коридордун сууктугунан беш мүнөт да тура албайсың.

Жогорудагы маселе боюнча Чолпон айылындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбызда, оорукананын имаратын оңдоп-түзөөгө айыл өкмөтүнүн каражаты жетишсиз болуп жатканын айтышты.

"Чолпон айыл өкмөтүнүн карамагында турган №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун капиталдык оңдоп-түзөөгө айыл өкмөттүн каражаты жетишсиз. Себеби айыл өкмөтү азыркы учурда дотацияда турат. Республикалык бюджеттен оңдоп-түзөө иштерине каржылоону сурап жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: