Кыргыздын Германиядагы элчиси ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргыз өлкөсүнүн Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматта жызылгандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Эрлан Абдылдаев Кыргыз өлкөсүнүн Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польша Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду", - деп жазылат жарлыкта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Aimani

03.02.2022. 14:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул Текебаев Деген качан кетет. Уят эмеспи Эми. Кайра эле союз маалынан бери келаткандар. Тойбос болушту.жаштарга качан орун бошойт.
Jelezo

03.02.2022. 20:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimani,сенин ордуңду тартып алдыбы? Аваңа айт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.