super.kg logo

"Тажап кеттим". Ысык-Көлдө өзүн өлтүрүүгө аракет кылып көлгө секирген кызды милиция кызматкери куткарып калды

 

Ысык-Көл облусунда көлгө секирип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган кызды милиция кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя Балыкчы шаарында болгон. Анда кызды шаардык милициянын аймактык ыйгарым кызматкери сактап калган.

"Кечээ, 2-февралда жергиликтүү тургундан билдирүү түшүп, анда кыз сууга секирүүгө аракет көрүп жаткандыгы айтылган. Нөөмөт кызматынын кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барышкан. Кызматкер Амантур Бакиров кызды сөзгө тартып, кадамынан баш тартууну суранган. Бирок кыз сууга секирген, артынан кызматкер да секирип, кызды жээке чыгарууга үлгүргөн. Кызга алгачкы жардам көрсөтүлгөн соң ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы жакшы жана бул ишке эмне себептен барганы териштирилүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.02.2022. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Көп деле терең (чукур) эмес окшойт, көлдүн жееги элего!!!
Bishkek-Kg түзөттү 2022-02-03 16:03:10
04.02.2022. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ары доктор ай,олсо озундун Шору!Тиктокту туурайм деп канча жаштар колдорун кесишти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: