Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабеков тууралуу: "Ал баарына жетти, эми дагы эмне керек?"
Бүгүн, 2-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдан кийин маалымат жыйын берди.
Анда министр Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков тааныштары аркылуу бардыгына жетишкенин айтты.
"Ал Воронцовкада иштеген жөнөкөй эле травматолог болчу. Тааныштары аркылуу ушул борборду куруп алып, академик болуп, бардык наамдарды алды. Ал бүт баарына жетти, дагы эмнеге жетет эми? Мен ага айткам, элди кыйнаба деп. Анын ооруканасына эл барбайбыз дешет. Себеби киргенден баштап акча сурайт экен", - деди Бейшеналиев.
Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.







1 |