Бейшеналиев & Жумабеков. “Мени колдоп 10 миң дарыгер президентке кат жазууда” дейт министр
Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековду колдоп, аталган борбордун дарыгерлеринин кайрылуусунан кийин министр Алымкадыр Бейшеналиев окуя боюнча пикирин айтты.
Ал учурда аны колдоп 10 миң дарыгер президентке кат жазып жатканын айтты.
“Азыр өлкө боюнча 10 миң дарыгер президентке мени колдоп кат жазып жатышат “туура кылды” деп. Ал азыр көчөгө айлантып жатат, көрөбүз кимдин колдоочулары көп экенин. Мен айттым, колдогула дедим”, - дейт министр.
Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.

