super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "Сабырбек Жумабеков эми ордун сактап кала албайт"

 

Бүгүн, 2-февралда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турдан кийин маалымат жыйын берди.

Маалымат жыйында Алымкадыр Бейшеналиев Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков ордун сактап кала албай турганын айтты.

"Ал өзүнүн ордун сактап калгысы келип жатат. Бүттү, ал сактай албайт. Процесс өттү. Ал өзү башкарып эле отургусу келип жатат. Эгер бир нерсе болуп укук коргоо органдары текшерип калса, ал көп ката кетиргендиги үчүн жооп берет. Өзүн директор коюп, өзү билип операция кылып жүргөнүн текшерсе, жооп берет.

Мен сурадым, "2004-жылы сени ким дайындаган?" десем ошол кездеги Бишкектин мэри дайындаптыр. Андан кийин Иса Өмүркулов койгонун айтты. Андан кийин эч ким койгон эмес. Мага арыз жазайын деди, мен албайм, мэрге бар дедим. Мэр дагы албай коюптур. Эми өзү эле бир нерсени ойлоп тапканы турат", - деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, буга чейин Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору жоюлуп, ордуна шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрү кабарланган. Бул аракетти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев SUPER.KG порталына “оорукананы элге кайра кайтаруу” деп сыпаттаган.

Буга Сабырбек Жумабеков жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.02.2022. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул апенди качан жоголот өзү?
03.02.2022. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ким кандай дебесин Сабырбек Жумабеков кыйын ортопед, жана ал азыр Кыргызстанда.! Кыйын кадрларды жоготуп алуудан коркуш керек. Жекелик мамилени озунор чечип албайсынарбы
03.02.2022. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушакчы катындай го,мааниси жок чоон текст жазып бериптир ким болсо да
03.02.2022. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул врачты иштен кетирбеш керек кыргызстанда эн кучтуу врач андан коро министирди озуну кетириш керек
03.02.2022. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз элинин канында бар, ким жакшы иштеп, көзгө көрүнсө, бутунан ылдый тартып, басмырлап турушубуз керек. Аттиң! Өзүбүздөн мыктыны көрө албайбыз.
Менин оюмча Сабырбек Жумабеков орто Азия боюнча эң кыйын ортопед . Министр өзү кете берсин .
Jan-tumarym2017 түзөттү 2022-02-03 22:11:49
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: