super.kg logo

Чүйдө окуучуну урушкан деп иштен кеткен мугалим инфаркт алганы айтылды. Мектеп директорунун жообу

 

Чүйдүн Лебединовка айылындагы мектепте тарых мугалими менен окуучунун ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен эжей иштен кеткен. Бул окуядан кийин мугалим инфаркт алганы айтылууда. Маалыматты тактоо үчүн №1 Лебединовка мектеп-лицейинин директору менен байланышканыбызда жогорудагы кептерди четке какты.

"Мугалим инфаркт алды деген маалымат туура эмес. Ал мурдатан эле жүрөк кемтигинен жабыркачу. Ошол илдетине каршы үй шартында дары-дармек ичип жатат. Абалы жакшы. Бүгүн эле мектепке келип, анча-мынча буюмдарын алып кетти", - дейт мектеп директору.

Белгилей кетсек, 21-январда Лебединовкадагы мектептин тарых мугалими менен 8-класстын окуучусунун ортосунда чатак болгон. Андан кийин Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана кызматкерлердин катышуусунда жыйын болгон. Жыйындан кийин тарых мугалими өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, иштен кеткен.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
03.02.2022. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Келип кетти дебей эл агартуунун отличнигин алып бериш керек,эмгек сиңирген мугалим беришсе жарашат.
03.02.2022. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Директору жаман корот окшойт ал мугалимин,болушкандын ордуна кайра
03.02.2022. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушуга окшогон чычкак балдардыда мектептен чыгарып салбайсынарбы? Жок жерден эле бироонун ырыскысын бууду. Башка мугалимдеринеда эми кыйын боло берешетта булар, каалагандай каяшада айтып калышат эми. Бир нерсе болсо эле иштен кетирип коебуз дешкенсип...
03.02.2022. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми мугалимдер айнанайын окубай келгенин учун сага чон эки азаматсын деп сылык суйлоп пешенесин сылап сабак беришет экен да. Айрым окуучулар бар ото ээнбаш, мугалимдер менен каяша айтышат аларга табылбай эле калды да
03.02.2022. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошол бала уялды бекен кучтуу мугалимди кетиргени учун.
03.02.2022. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Gulina00,андайлар уялбайт,тескерисинче мактанат мен кыйынмын дегенсип,себеби тарбия ошондой
04.02.2022. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мугалим экинчи ата эне деп айтылат болчу.Жондон жон урбады го.Эми ал баланы башка мугалим сылап окутат экенби.Ошол окуучуну четтетиш керек.
04.02.2022. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Директор мугалимин жактабастан, озунун журөк оорусу бар дептир
05.02.2022. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран коп жылдык эмгек таалага кетет экен да. Окунучтуу.
05.02.2022. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол окуучуну мектептен чыгарып ташташ керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: