super.kg logo

ИИМ террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен коркунучтуу окуялар болуп жатканын белгиледи

 

Буга чейин экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Бүгүн, 3-февралда Ички иштер министрлиги аталган мыйзам долбоор боюнча тегерек стол өткөрдү.

Министрликтен белгилешкендей, иш-чарага экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жетекчисинин орун басары Улан Бердибаев, бөлүм башчынын орун басары Самат Осмонов, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

"Мыйзам 2021-жылдын 5-майынан тартып колдонууга киргизилген. Долбоордун негизги максаттары - адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, аймактык бүтүндүктү жана улуттук коопсуздукту экстремисттик иш-аракеттерден коргоо экендиги белгиленди. Бүгүнкү күндө дүйнөдө, анын ичинде биздин республикада улуттук коопсуздукту баалоого олуттуу терс таасирин тийгизген эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигинен келип чыккан жаңы чакырыктар менен коркунучтарга байланыштуу окуялар орун алгандыгы айтылды.

Акыркы жылдары мыйзамдарда олуттуу өзгөрүүлөр болуп, аталган мыйзамдын ченемдерин шайкеш келтирүү зарылдыгын жаратты. Укук коргоо органдарынын практикалык иш тажрыйбасы экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу бардык субъекттерди мыйзамдуу түрдө бекемдөө жана бул чөйрөдөгү алардын негизги компетенцияларын аныктоо зарылдыгын аныктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ой пикирлери менен алмашып, мыйзам чыгаруу жана практикалык чараларды, ошондой эле мындан аркы биргелешкен аракеттер тууралуу талкуулашты. Иш-чаранын жыйынтыгында эртең, 4-февралда жогоруда аталган мыйзам долбоорун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен талкуулоо боюнча ушул сыяктуу тегерек стол өткөрүлөрү белгиленди", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.02.2022. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжайда участковый 2 кг наркотик сатканын көрүп жана күбөлөр менен тастыктап бердим неге камабайсынар?! Же не ал коркунучтуу торрорлукка кирбейби? Биздин жаш муунга сатып алардын оюн бузуп салсачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: