super.kg logo

Кыргыз өлкөсү, "Көк бөрү" тууралуу позитивдүү материлдарды даярдаган орусиялык блогерге министр ыраазычылык билдирди

 
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов орусиялык белгилүү блогер Лариса Булина менен жолукту.
Лариса Булина дүйнө кыдырып, барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрү, тарыхы, маданияты, жаратылышы тууралуу мыкты материалдарды "Турдур" ютуб каналы аркылуу жарыялап келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Жаманкулов Кыргыз маданиятын жана жаратылышын таанытууда даярдап жаткан позитивдүү материлдарын кызыгуу менен көрөрүн, ошондой эл ал контент Кыргыз жергесине болгон кызыгууну пайда кылып, өлкөбүздүн туризмин көтөрүүгө шарт түзөрүн белгилеп "Ыраазычылык кат" тапшырды.
Эң позитивдүү Ютуб блогери катары таанылган Лариса Булина Кыргыз өлкөсүн сүйүп калгандыгын белгилеп, мамлекеттин кооз жаратылышын, маданиятын дагы көрсөтөм деген планы бар экенин белгилеп, кызматташуу тууралуу макулдашты.
Учурда Лариса Булинанын Ютуб каналында Кыргыз өлкөсү тууралуу 20дан ашык ар кандай тематикадагы позитивдүү материалдар бар. Алардын арасында "Көк бөрү" оюну, республиканын аймактары, өнөр адамдары жөнүндө бир катар материалдар бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: