super.kg logo

500-700 еврого чейин стипендия. Латвиянын ЖОЖдорунда акысыз билим алууга документтер кабыл алынат

 

2022-2023-окуу жылдар үчүн Латвиянын жогорку окуу жайларында бакалавриатта, магистратурада жана докторантурада билим алууну каалагандардын өтүнмөлөрү кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрилинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стипендиялык негизде окууга өтүнмөлөрдү кайсы жогорку окуу жайда болбосун кеминде 1 окуу жылын ийгиликтүү аяктаган, бакалавриатта окуган студенттер, магистратурада жана докторантурада окугандар тапшыра алышат.

Стипендиянын өлчөмү: айына 500 евро – бакалавриат жана магистратуранын студенттери үчүн, айына 700 евро – аспиранттар үчүн.

Кабыл алуу шарттары:

1. Талапкер стипендияга өтүнмө бергенге чейин латвиялык жогорку окуу жайдагы окуу программасын тандап алышы керек;

2. Талапкер стипендияга өтүнмө бергенге чейин латвиялык жогорку окуу жайдан тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу катты алышы керек;

3. Латвиялык жогорку окуу жайда окуп жаткан талапкер да стипендияга өтүнмө бергенге чейин ошол же тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу катты алышы керек;

4. Латвиялык жогорку окуу жайдан тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу кат дайындалган байланыш кызматкери тарабынан берилиши керек.

Өтүнмөлөр 2022-жылдын 1-февралынан 1-апрелине чейин кабыл алынат. Өтүнмөнү берүү процесси электрондук системада онлайн форматта жүргүзүлөт.

Өтүнмөлөрдү берүү процесси:

1) уникалдуу логин жана сыр сөз жазылган профилди түзүү;

2) белгиленген критерийлерге ылайык анкетаны толтуруу;

3) зарыл болгон (латыш же англис тилине которулган) документтерди тиркөө;

4) мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмөнү берүү;

5) июнда электрондук почта аркылуу стипендия берилери тууралуу расмий чечимди алуу, ошондой эле чечим өтүнмөлөрдү берүү үчүн электрондук системада талапкердин профилинде жеткиликтүү болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.02.2022. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кененирээк маалыматты кайдан алсак болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: