super.kg logo

Кореядагы эл аралык маданият музейде кыргыз бурчу ачылды

 
Корея Республикасынын Сеул шаарындагы эл аралык маданият музейинде кыргыз бурчу ачылды. Мындай демилге Кыргыз өлкөсү менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылдыгын белгилөөнүн алкагында ишке ашырылды. Бул туурасында Кыргыз мамлекетинин Кореядагы элчилигинен кабарлашты.
Ачылыш аземге Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Динара Кемелова жана эл аралык маданият музейинин директору Ким Юн Тэ катышты. Тараптар эки өлкө ортосундагы маданият жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өз ара ыраазычылык билдирген эстелик грамоталары менен алмашышты.
"Кыргыз бурчун түзүү максатында элчилик экспонаттарды чогултуп, маданият музейине белек катары тапшырды. Ошол эле учурда элчилик маданий экспонаттарды жана жеке коллекциялардан турган тиричилик буюмдарын бергендиги үчүн "Felt Art Studio`нун" жетекчиси Жылдыз Асанакуновага, маданият таануучу Турганбай Молдогазиевге, “NAG Group” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Надырбековага, Алый Мергеналиевага, Мира Айткуловага, ошондой эле элчиликтин кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат маалыматта.
Музейдеги кыргыз борборун көрүүнү каалагандар 135, Bulgwang-ro, Eunpyeong-gu дарегине барса болот.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: