super.kg logo

"Бир айда эки өлүм". "Тазалыктын" кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 

Акыркы айлардагы "Тазалык" кызматкерлеринин жумуш учурунда жол кырсыгынан каза болгон учуру көп катталгандыктан милициянын кайгуул кызматы түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

"Бишкек мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишкананын кызматкерлерине өткөн жылы “Тазалык” кызматкерлеринин катышуусунда жол кырсыктары катталып, адам өлүмү менен коштолгон фактылары орун алгандыгын, андыктан жумуш учурунда коопсуздук эрежелерин сактоо менен иш алып барууну эскертишти", - деп билдиришти милициянын кайгуул кызматынан.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 12-декабрь күнү эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде катталган. Анда Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон. 18-декабрга караган түнү Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанынын жанынан айдоочу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.

2022-жылдын 4-январында 41 жаштагы аял Тойота Пробокс үлгүсүндөгү унаасы менен Шабдан Баатыр көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, 35 жаштагы "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, ал каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: