super.kg logo

Сокулукта 2 жаштагы наристенин сабалышы: Наристенин атасы шектүүнүн үйүндө кулчулукта жүргөнүн билдирди

 

Кечээ, 5-февралда Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулуктагы жалпы дарыгерлик практика клиникасына барып, зомбулукка кабылып, дене бою көк ала болгон 2 жаштагы наристеден кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Баланын атасы 1997-жылы туулган К.Н менен сүйлөшүүдөн белгилүү болгондой, Шопоков шаарынын тургуну, жумуш берүүчү 34 жаштагы С.А. наристени дайыма уруп-согуп келген. Ал гана эмес наристенин атасын бир нече жолу сабаган. Мындай мазактоолордун себебин ал өзүнүн жумуш берүүчүгө карыз болуп калганы менен түшүндүргөн. Карыздын айынан наристенин үй-бүлөсү кулчулукта калган.

"Жабыркаган баланын атасы Акыйкатчы институтуна жазуу жүзүндө арыз менен кайрылды. Арыздан белгилүү болгондой, жумуш берүүчү С.А. колунда аёосуз мамилеге дуушар болгон башка да адамдар, алардын ичинде өспүрүм да бар", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.

Акыйкатчы институтунун мандатына ылайык, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүнө кийлигишпейт, ал эми башка аныкталган көйгөйлөр боюнча, атап айтканда анын эки баласын документтештирүүдө (туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга) жана баланын атасынын өзүнүн документтерин калыбына келтирүүдө укуктук жардам көрсөтүшөт.

Ошондой эле Аскат Азарбеков жабыркаган баланын 21 жаштагы апасы менен дагы сүйлөшкөн. Баланын апасы өз уулуна жумуш берүүчү С.А. тарабынан зомбулук болгонун моюнга алган эмес. Ал наристенин атасы менен эмес, шектүү С.А менен жашайт.

Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда денесинен жаракат алган эки жашар бала аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк бала палатага которулганы, аны атасынын иш берүүчүсү сабаганы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
06.02.2022. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Казактарды жаман көрчү элем "кул иштетишет, анан да көрбөгөндү көрсөтүп кыйнап иштетишет" деп, кыргыздар казактардан ашып түшкөнбү дейм да. Же анысы да орус бекен. Неге айтпай жатышат анысын ким экенин.
06.02.2022. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nazira...,орус экен. Аялы жумуш беруучу менен жашаса демек кызганыч болсо керек ортодо. Бирок баласын бироого сабатып коюп кантип карап отурат. Тушунуксуз
06.02.2022. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшек аялын кошо камасын значить иш беруучу менен ойнош да,балада козуно корунбоптур акмак аялга,куйоосу болсо бир нерсе мн жыга чаап болсо да коргош кк эле баласын.
07.02.2022. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы акмакпы ээ.Баласы бекеринен атасынан башкага ыйлап жатат деп окудум эле,апасы кайда деп жатышкан ээ,форумчулар?Карызга тыгып,аялын тартып алып,уруп эзип жатат экен да.Адамгерчилик кайда калган?Акыйкатчы инистуту коруп туруп кандай кийгилишпейт,баланын абалы бир акыбалда болсо.Эртен сакайып дуктурдан чыкса кайра ошол зоокурдун уйуно апасына алып барышабы?А мумкун апасын да мажбурлвп суйлотуп,коркупуп жаткандыр?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: