Сокулукта токмоктолуп ооруканага түшкөн баланын жана бир туугандарынын эч кандай документтери жок

Сокулукта токмоктолуп ооруканага түшкөн баланын жана бир туугандарынын эч кандай документтери жок. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппаратынын өкүлү Аскат Азарбеков билдирди.
"Кыйноо-сабоого кабылган 2 жашар баланын ата-энеси менен кезиктик, дарыгерлер, милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Анын жыйынтыгында буга чейин баланын атасына пневматикалык ок атылып, таяк жеген учурлары болуптур. Атасы бул окуяларды үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн айткан эмес.
Ал эми аялы шектүүнү эмес, күйөөсүн күнөөлөп жатат. Учурда териштирүү жүрүүдө. Баланын абалы орто оор деп бааланууда. Андан сырткары баланын атасынын айтуусунда дагы эки баласы бар, алардын документтери жок", - деди Азарбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.