Өлкө боюнча "Балдардын укугун коргоо айы" жарыяланды

"Балдардын укугун коргоонун бир айлыгы" жарыяланды. Бул тууралуу маалымат жыйында Акыйкатчы институтунун аппаратынын өкүлү Аскат Азарбеков билдирди.
"Балдарга болгон зомбулуктарды алдын алуу үчүн тынбай иш алып баруу керек. Буга байланыштуу 8-февралдан 9-мартка чейин «Балдардын укугун коргоонун бир айлыгы» жарыяланды. Биз бардык адамдарды балдарга карата зомбулукка каршы күрөшүүгө чакырабыз. Эгер балдарга карата зомбулукка күбө болсоңор "115" ыкчам номерине же Акыйкатчы институтунун почтасына кабарласаңыздар болот", - деди Азарбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.