super.kg logo

Баткенде журналистке кол көтөрдү делген аткаминер коомчулукка кайрылуу жасады

 

Журналист жана блогер Батмакан Жолдубаевага кол көтөрдү делген Баткен облустук администрациянын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов коомчулукту болгон окуя боюнча шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырды. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.

"5-февралда менин катышуумда болгон окуя тууралуу түшүндүрмө берүүнү туура деп таптым. Менин аталган жыйынга расмий маалымат каражаттары чакырылгандыгын түшүндүрүүгө болгон аракетим Батма деген аял тарабынан дароо негативдүү кабыл алынып, провакациялык мамиле жасалды. Тасманын көрсөтүлбай калган бөлүгүндөгү анын мага акаарат келтирип, кол көтөрүп, кийимимди тыткан видеосу эжеке тарабынан коомчулукка жеткирилген жок. Андан сырткары мени сабады деген айып тагып, коомчулукту адаштырууга аракет кылды. Бул эже өзүн журналистмин деп тааныштырууга аракет кылууда, бирок бүгүнкү күндө бир дагы маалымат каражаттарынын өкүлү эмес. Журналист деген макамы жок болгондуктан расмий жыйындарга чакырылбашы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мен жарандардан окуяны толук билбей туруп бир тараптуу маалымат таратуудан карманып турушуңарды өтүнөт элем", - деди ал.

Эске салсак, 5-февралда Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракциялары Раззаков шаарында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Жыйынга блогер, журналист Батмакан Жолдубаеваны киргизишкен эмес. Ал президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы аны уруп, телефонун тартып алганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.02.2022. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ким билет?
07.02.2022. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сеники туура болсо эмне актанып жатасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: