Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам – жеке адамдарга мамлекеттин эсебинен көрсөтүлүүчү юридикалык жардам
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ар бир адам акысыз консультациялык-укуктук жардам алууга укуктуу деп айтылат.
МКЮЖ эки түргө бөлүнөт
- Консультациялык-укуктук жардам – бул юридикалык маселелер боюнча акысыз консультация.
- Квалификациялуу юридикалык жардам – мамлекеттин эсебинен сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында адвокаттын кесиптик иши.
Юридикалык консультациялар төмөнкүлөр тарабынан берилет:
- Акысыз юридикалык жардам борборлору (АЮЖБ)
- МКЮЖ Координациялоо борбору
- Мамлекеттик органдар
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
- Бейөкмөт уюмдар
- Юридикалык клиникалар
Квалификациялуу юридикалык жардамды МКЮЖнын реестрине киргизилген адвокаттар көрсөтөт. Мамлекеттин эсебинен квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу МКЮЖны Координациялоо борборуна кайрылуу керек: http://ukuk-jardam.gov.kg/ky/p/legal-aid/where-to-get
#АкыйкаттыккаЖол #ДоступкПравосудию
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:37
2026-02-09
17:56
2026-02-06
14:48
2026-02-06
11:07
2026-01-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















