super.kg logo

Бишкек мэриясы: "Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ишмердүүлүгүн министрлик чечет"

 

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ишмердүүлүгүн Саламаттык сактоо министрлиги чечет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришет.

Билдирүүгө ылайык, 2004-жылы 17-мартта Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы келишим боюнча Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын базасында мэрияга караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору түзүлгөн. Ошол эле учурда борбордун директору болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган.

"2017-жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.

Документке ылайык, министрлик бир катар борбордогу саламаттыкты сактоо мекемелеринин, анын ичинде Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору министрликке караштуу болуп саналат. Бирок бул келишим толук ишке ашырылган эмес. Учурда муниципалитет 2017-жылдагы келишим боюнча мыйзам чегинде иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана менчиктин түрүнө карабастан саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо жана көзөмөлдөө Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чыккан митингчилер президент Садыр Жапаровго кайрылып, Сабырбек Жумабековдун ордунда калуусун, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкага кетүүсүн талап кылуу менен резолюция түзүштү. Ошондой эле Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун мыйзамсыз шаардык Тез жардам клиникалык ооруканага өзгөртүүнүн токтотулуусу талап кылынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: