Кыргыз өлкөсү Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады
Президент Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Анда бир катар маселелер каралып, анын ичинде Кыргыз тарап Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөөнү сунуштады. Кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирди дешет президенттик администрациядан.
Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу өлкөгө мындай сунуш мурда берилгенин, маалымат жарыяланганын айтат.
"Буга чейин эки өлкө башчылары энергетика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашканын кабарлаганбыз. Кыргыз тарап электр энергиясын Кытайга экспорттоо вариантын сунуштаган. Өз кезегинде Кытай тарап бул маселени изилдөөгө макул болгон. Эгерде оң чечим кабыл алынса Кыргыз өлкөсүндөгү ГЭСтерди курууга жана кубаттуулуктарды көбөйтүүгө кошумча инвестицияларды тартууга жол ачат", - деди ал.


Инвестиция десе эле бекер акча деп тушунот окшойсунар окшошкон сабатсыздар. Центерра Голд дагы инвестор. Ошол инвестор жакшы болгону учун Кыргызстан менен соттошуп жатабы ондогон миллиард долларларды синирип алып?
Эртен Кытай мына бир-эки ГЭС куруп мына инвестиция деп он-жуз эселеп мойнубузга карыз илип коет, кычкач 600 доллардан корсотулгондой.
Эртен Кытай ГЭС куруп берсе, светтин акчасы 77 тыйындан 7 сомго которулот.......
Инвестор десе сыйкырчы элестетесинер да. Инвестор 1 сомун 2 сом, 5 же 10 сом кылып кайтарып алууну коздогондор.
Ким эле бекер ГЭС куруп бермек эле бизге?! Кытайлар ГЭС курса, 1 миллард долларга курса, 10 миллиардка курулду деп ишендирет коросунор.......