super.kg logo

"Жайыт элдин башкаруусунда калышы керек". Ак-Суу районунун эли 309-токтомго каршы пикирлерин билдиришти

 

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары "айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү боюнча" 309-токтомго каршы пикирлерин билдирип, нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу видео мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиевдин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

Анда жергиликтүү тургундар президент Садыр Жапаровго жана депутаттарга кайрылуу жасашкан.

"Айыл чарба министринин 309-токтомун (ред.: айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү боюнча) артка кайтаруу жана жайыт мыйзамдарын мурунку калыбында калтырууну талап кылып жатабыз. Жайыт элдин башкаруусунда калышы керек.

Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаттары ушул токтомду кайрадан карап, талкуулап, элге салууңуздарды өтүнөбүз", - деген талапты айтып чыгышты.

309-токтом тууралуу министрдин түшүндүрмөсүн шилтеме менен кирип окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: