super.kg logo

"Өзгөрүү болбосо министрликтин алдына чатыр тигем". Курмангазы Азыкбаев балдары, неберелери менен митингге чыкты

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев балдары, неберелери менен митингге чыкты. Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде реформа жүргүзүлүшү керек дейт. Бул туурасында музыкант менен байланышканыбызда белгилүү болду.

Айтымында, министрликтеги кадрдык өзгөрүүлөр орун алмашуу менен эле чектелүүдө.

"Митингге балдарым, неберелерим менен чыктым. Министрликте реформа болушу керек, мен мындай талапты мурдатан эле коюп келе жатам. Мекемеде алды 30-35 жылдан бери иштеп келе жаткандар бар. Алар министрликтин бөлүмдөрүн атасынан калгандай ээлеп алып, эч кимди жолотпой келишет. Наамдарды алышып, чиновник болуп алышкан, бирок ишинин жыйынтыгы жок.

Министрлик деген эл менен жуурулушуп, бардык тармакты ийне-жибине чейин билиши керек. Мен кайрылат элем, 30-35 жылдан бери кызматты ээлеп келе жаткандардын баарын иштен алыш керек. Болбосо мурдагы эле система иштей берет, маданият өнүкпөйт. А маданият өнүкпөсө мамлекет өнүкпөйт.

Эмнеге бизден дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылар чыкпайт? Ар бирин - ырчысын, бийчисин, актёр, актрисаларын өз тармактарына коюп, тиешелүү адамдарды дайындаса жыйынтык болот. Мисалы, актёр музыканттарга жетекчи боло албайт да, туурабы?", - деди ал.

Эл артистинин кайрылуусу министр Азамат Жаманкуловдун көз жаздымында калган жок. Ал музыкантка 2-3 күн убакыт керек экенин, баарын талдап жатканын белгилегенин кошумчалады Азыкбаев.

"Министр менин кайрылуума жооп берди. 2-3 күндөн кийин жообун угам. Эгер өзгөрүү болбосо анда митингге чыгууну улантам. Министрликтин алдына чатыр тигип, тамак-ашымды алып барып ошол жерде жашайм", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(6)
08.02.2022. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Небере, балдарыңды ыплас саясатка аралаштырып не кереги бар!!!
08.02.2022. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр эле тигип кочуп бар,эртерээк...
08.02.2022. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаштар келсин деп жатат,анын эмнеси жаман.
08.02.2022. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyrghyzkyzy,Талап койгону туура,бирок балдарын аралаштырбай эле коюш керек болчу.Башка маданият өкүлдөрү кошо чыкса болмок.
Mister-XXX түзөттү 2022-02-08 17:23:14
08.02.2022. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин талантында сөз жок.Бирок акыл жактан тайкыраак экен.Тенирчиликти карманат,Аллахга болгон ишеним жок.
09.02.2022. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо мен болсом дегени турабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: