super.kg logo

"74 өлкө катышат". Түркия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыгын баштады

 

Түркия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыгын баштады. Бул тууралуу Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Түркиянын спорт жана жаштар министри Мехмет Мухарам Касапоглунун төрагалыгында Изник шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун уюштуруу комитетинин ишине Түрк мамлекеттер уюмунун Генералдык секретарынын орун басары катары катыштым. Түркияда Көчмөндөр оюнуна карата даярдыктарга старт берилди. Көчмөндөр оюнун ушул жылдын сентябрь айынын акырында өткөрүү болжолдонууда. Бүгүнкү күнгө карата 74 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу белгиленүүдө", - деп жазды Раев.

Анын билдиришинче, Көчмөндөр оюнунун алкагында маданий программага айрыкча орун берилген. Оюндун салтанаттуу ачылышына жана жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссёрлору, сценаристтери тартылган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз өлкөсүндө үч жолу өткөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: