super.kg logo

Баткенде журналистке кол көтөргөн аткаминердин окуясы: Акыйкатчы институту бул ишти өз көзөмөлүнө алды

 

Журналист жана блогер Батмакан Жолдубаевага аткаминер кол көтөрдү делген окуяны Акыйкатчы институту өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

"Акыйкатчы институтунун Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Рахматуллаев Баткен облустук биргелешкен ооруканасына барып, ал жерде блогер жана көз карандысыз журналист Батмакан Жолдубаевага жолукту. Жабырлануучу Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” депутаттык фракцияларынын көчмө жыйынына катышуу үчүн Раззаков шаарына барганын, ал жерде түз эфир уюштуруп жаткан учурда президенттин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов журналисттин телефонун тартып алып, ага кол көтөргөнүн маалымдаган", - деп жазылат билдирүүдө.

Батмакан Жолдубаева Акыйкатчынын өкүлүнө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. 7-февраль күнү бул арыз боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө, Баткен облусунун прокуроруна, Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысына жана Баткен облустук ооруканасынын директорунун наамына тиешелүү кайрылуулар жолдонгон.

Эске салсак, 5-февралда Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракциялары Раззаков шаарында көчмө жыйын өткөрүшкөн. Жыйынга блогер, журналист Батмакан Жолдубаеваны киргизишкен эмес. Ал президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы аны уруп, телефонун тартып алганын айткан.

Кийинчерээк кол көтөрдү делген Алихан Ураимов бул боюнча түшүндүрмө берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: