Депутат Исмаил Исаков Ахматбек Келдибеков менен камакка алынгандан кийин жолукканын айтат

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков бүгүн Ак үйдүн алдына митингге чыккан
Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолугушту.
Автор: Темирбек Матаев
Жолугуу учурунда ал
Ахматбек Келдибеков менен кечээ, 20-ноябрда камакка алынган соң тергөө абагынан жолукканын
айтты. Исмаил Исаков: “Ахматбек Келдибеков менен кечээ, (ред.20-ноябрда) жолуктум. Ошондо
Ахматбек Келдибеков мага “Бул жерде саясий куугунтук болду. Менин эч кандай
күнөөм жок. Буга чейин үч ирет текшеришкен. Кылмыш жоктугунан улам токтотушкан. “Кумтөр” жана “Кыргызгаз” маселелери боюнча патриоттук
сунуштарымды көтөрүп чыкканымдын айынан бийлик ушунтип куугунтукка алып жатат" деп айтты”,- деди өкмөт өкүлү.
Ошондой эле Исмаил Исаков митингчилерге кайрылып: “Биз
баарыбыз бул ишти мыйзам чегинде карайбыз. Талабыңарды мыйзам чегинде коюп,
сабырдуу болгула”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

