super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчылары эмгек мигранттары боюнча маселени талкуулашты

 
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 20-ноябрда Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев менен Дмитрий Медведев эмгек мигранттары боюнча маселени талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Өкмөт башчылар эки мамлекеттин тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда Москвада жолугушуу өткөрүү жана эмгек мигранттарынын маселесине байланыштуу сүйлөшүү топторун түзүү боюнча макулдашышты. 
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагалары таанышышат. 
Өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргызстан тараптан тең төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, ал эми Орусия тараптан Орусия Федерациясынын Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жетектейт. 
Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 2013-жылдын декабрь айында Бишкекте өтөт. 
Мындан сырткары Жантөрө Сатыбалдиев менен Дмитрий Медведев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши тууралуу сөз кылышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: