super.kg logo

Бишкекте Абдылас Малдыбаевдин кызы Жылдыз Малдыбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү (фото)

 

Кыргыз эл артисти, композитор Жылдыз Малдыбаева акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-февралда Кыргыз эл артисти, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Даңк” медалынын ээси жана билим берүүнүн отличниги Жылдыз Малдыбаева Абдыласовна акыркы сапарга узатылды.

"Акыркы сапарга узатуу зыйнаты маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, туугандарынын, кесиптештеринин катышуусунда “Ала-Арча” көрүстөнүндө өттү. Анда Жылдыз Малдыбаеванын бүткүл өмүрү чыгармачылыкка, билим берүүгө арналгандыгы, анын адамдык парасаты тууралуу жылуу пикирлер айтылып эскерилди", - деп жазылат маалыматта.

Жылдыз Малдыбаева 1946-жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Фрунзедеги П.Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М.Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы У.Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И.Арабаев атындагы университет) иштеген.

"Күнөстүү арал" көркөм фильмине, "Июлда үч күн", "Менин шаарым жөнүндө повесть", "Төрт сүрөт", "Оюмдагы жомок" даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. 1985-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 12-фестивалында диплом менен сыйланган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Орусияда чыгармалары угуучуларга тартууланган.

Ал СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.

Ал 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2022. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.Өкүнчтүү акырындык менен кыргыздын залкарлары кетип атканы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: