"Манас" эл аралык аэропорту 4 аэропортту реконструкциялоону пландаштырууда
"Манас" эл аралык аэропорту 2022-жылы 4 аэропортту реконструкциялоону жана модернизациялоону пландаштырууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы күтүү залынын ачылышында башкармалыктын төрагасы Бакыт Шаршеев бир нече аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын маалымдаган.
Анын айтымында, азыркы тапта аталган объектилердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууга сынак жарыяланган.
"Каракол" аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу жана жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу менен аэродромдун элементтеринин жасалма үстүн реконструкциялоо. Ошондой эле "Баткен" аэропортунун аэродромунун элементтерин реконструкциялоо каралган.
"Каракол" менен "Баткен" аэродромдорундагы жасалма элементтерди кайрадан жаңылоону пландаштырып жатабыз. Ошондой эле "Ош" эл аралык аэропортуна жүк терминалын куруу жана "Нарын" аэропортуна жалпы аянты 530 чарчы метр болгон жаңы аэробекет комплексинин имаратын куруу маселеси каралууда", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
7

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.