super.kg logo

90 миңге чукул калкка кызмат көрсөтүлөт. Сузакта кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат

 
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин айыл аймагында кошумча Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев учурда иштелбей турган №36 кесиптик лицейдин жатаканасынын имаратын көрүп чыкты.
"Аталган жай буга чейин оңдоп-түзөөдөн өткөнү менен иштебей турган. Облус башчысы мекемени натыйжалуу пайдалануу максатында тез аранын ичинде калкты тейлөө борборун уюштуруу тапшырмасын берди.
Буга чейин райондун Сузак айылында иштеп жаткан тейлөө борборуна кайрылгандар көп болгондуктан, кошумча имаратка муктаждык жаралган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Ленин айылында тейлөө борбору ачылса, райондун жети айылындагы 90 миңге жакын калкка ыкчам кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жаралат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: