super.kg logo

Жеке ишкерлер: "Садыр Нургожоевич, ишкерлерге тоскоолдук болуп жатат" (видео)

 

Бишкектин Тунгуч кичи районунда жайгашкан соода павильондордун ээлери, жеке ишкерлер бүгүнкү күнү соода иштерине тоскоолдук болуп жатканын SUPER.KG порталы аркылуу айтып чыгышты.

2021-жылы соода павильондун ээлери Октябрь районунун администрациясынын жана "Бишкек башкы архитектуранын" макулдугу менен жаңы эксиз долбоорун иштеп чыгышкан. Бүгүнкү күндө павильондордун ээлери долбоорду ишке ашыруу максатында чоң суммада насыя алып, павильондорун заман талабына ылайык жаңыртып башташты.

Павильондордун ээлери жыл сайын эмгек келишимин Бишкек мэриясы жана Октябрь райондук администрациянын макулдугу менен узартып келишет. Бирок бүгүнкү күндө 4-5 павильондун келишими узарбай жатат. Анткени Тунгуч кичи райондо жашаган 5-6 жаран 2017-жылдан бери соодагерлердин үстүнөн мэрияга жана Октябрь райондук администрацияга арыз жазып келишет. Мындан улам иш жылбай келүүдө.

Ишкерлердин айтымында, алар салыктын бардык түрүн убагында төлөп, эч кандай мыйзамсыз иштерди жасашкан эмес. Соодагерлердин бири 2 метр жерге "Бишкек башкы архитектурадан" 15 миң сомго архитектуралык-техникалык корутунду жасаткан. Бирок бүгүнкүгө чейин уруксат берилбей келет.

Ишкерлер аталган павильондордун бир капталына мыйзамсыз көп кабаттуу үйдүн курулуш иши жүргүзүлгөнү жатат дешүүдө. Негизи бул жерге көп кабаттуу үй курууга уруксат жок. Көп кабаттуу имарат курула турган жерде да павильондор жайгашкан. Анын биринин кожоюну "эгер бул дүкөндөр алына турган болсо, кандай кылып оокат кылышты билбейм", - дейт.

Ишкерлер кабылган көйгөйдү чечип берүү үчүн президентке, бийлик органдарына кайрылуу жасашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
10.02.2022. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи 15 мин сом пара берип туура эмес корутунду жасатышкан. Эгер павильондор уйлорго тоскоолдук жаратса, алып салуу керек...

Элдин баары эптеп тиричилик кылып эле келет. Бар да тачка турт, швеяда иште, турмушун ото берет. Павильондор жашоочуларга тоскоолдук жаратса, аны мэрия алып салуусу шарт, Садыр эмес БУУга арызданышкан кундо да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: