super.kg logo

Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен кыздын аты-жөнү аныкталды. Учурда абалы орто оор

 

Бишкекте троллейбус сүзүп кеткен 19 жаштагы кыздын абалы орто оор. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, троллейбус Чүй кең көчөсү жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөн жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

"Кырсыктын кесепетинен М.Б.О. аттуу 2002-жылы туулган кыз жабыркаган. Ал Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Учурда кыздын абалы орто оор. Дарыгердин алдын ала койгон диагнозу боюнча, анын мээси чайкалып, гематома бар. Томография жасоого жөнөтүлдү.

Троллейбустун айдоочусу жеринде болгон жол кырсыгынын инспектору менен бирге наркологго медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөн", - дешти мэриядан.

Буга чейин Бишкекте троллейбус жөө жүргүнчүнү сүзүп алып, жаракат алган жаран ооруканага жеткирилгени жазылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.02.2022. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козунорго карап айдабайсынарбы беспредел
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: