super.kg logo

Опера жана балет театрына жаңы жетекчи дайындалды (өмүр баяны)

 
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп Алмазбек Истамбаев дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, жаңы жетекчини эмгек жамаатка министр Азамат Жаманкулов тааныштырды.
Өмүр баяны:
Алмазбек Истамбаев 1972-жылы төрөлгөн.
2005-жылы К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз улуттук консерваториясын жана 2019- жылы И.Арабаев атындыгы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтун аяктаган.
2000-2019-жылга чейин А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында опера алдынкы солисти;
2017-2020-жылдар аралыгында А.Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин жетекчиси.
2020-жылдан “Евразия ааламы – XXI кылым” мамлекеттер аралык форумунун Көркөм жетекчиси, «Кыргыз Конгресси» Бүткүл орусиялык коомдук уюмунун Маданият жана искусство комитетинин төрагасы.
2021-жылдан Эл аралык "Генезис" симфониялык поэмасы долбоорунун ("Дүйнөнүн жаралышы") Кыргыз өлкөсүндөгү менеджери жана эл аралык кайрымдуулук долбоорунун координатору болуп иштеп келген.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрын Керим Турапов жетектеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: