Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 1556 техникалык паспорт берилди
Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына турак жайы үчүн 1 556 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан кайрылуу түшкөн.
Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.
Көчмө бригадалары өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат.
Техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.