super.kg logo

Орусияда мигранттарга болгон көзөмөлдү күчөтүү сунушу киргизилди

 

Орусиянын президентинин алдындагы жарандык коомду жана адам укуктарын өнүктүрүү кеңешинин мүчөлөрү мигранттардын абалы боюнча практикалык сунуштарын киргизишти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган кеңештин мүчөлөрү миграциялык мыйзамдарды либералдаштыруу мүмкүн эмес деп эсептейт. Анткени өлкөдө мигранттардын саны боюнча көйгөйлөр бар. Алар мигранттарга болгон көзөмөлдү күчөтүү зарыл деген сунушун киргизишкен.

"Биз азыр тартылган ички эмгек резервдерин көбөйтүп, адамдарды тарта турган атайын органдарды түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгышыбыз керек. Бул абалды жакшыртат деп ишенебиз. Орусияда көптөгөн иш берүүчүлөр мигранттар менен иштөөгө көнүп калган. Бул анчалык деле арзан жумушчу күчү эмес, болгону салык төлөөдөн качуунун калыптанып калган механизми бар. Андан сырткары орусиянын жарандыгын алуу тартиби да дыкат көзөмөлдөнөт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: