super.kg logo

Кыргыз-Түркия өлкөлөрү энергетика тармагында кызматташат

 

Бүгүн, 10-февралда Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттиги, Энергетика министрлиги менен биргеликте “Кыргыз өлкөсүнүн туруктуу энергетикага өтүүсү, тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” аталышындагы улуттук форум болуп өттү.

"Биздин алгачкы маселебиз - жашыл энергетика. Айталы, Түркиянын жашыл энергетикасы, тактап айтканда күндүн нуру жана шамалдын күчү менен чыккан энергия жалпы энергетиканын 10 пайызын түзөт. Биз дагы Түркиянын эң алдыңкы жашыл энергетикасын өнүктүргөн ассоциация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Алар Кыргыз өлкөсү менен биргеликте иштегенге даяр экенин билдиришти.

Учурда иш топтору түзүлүп, практикалык жактан жумушту алып барууга даярдыктар жүрүп жатат.

Мындан тышкары чакан ГЭСтер боюнча 18 долбоор, күн энергиясы боюнча 4 долбоорду сунуштап, шамал энергиясына ылайык, Шамалды-Сай, Алай жана Балыкчыга өз сунуштарыбызды бердик", - дейт инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов.

Ошондой эле Акылбек Жапаров белгилегендей, учурда өлкө энергетиканы туруктуу өнүктүрүүдө кыйынчылыктарга дуушар болууда, буга катар энергетикалык жабдуулардын техникалык жактан эскириши, суунун аздыгынан жана чектелген энергетикалык кубаттуулуктардан улам электр энергиясын импорттоо маселеси орун алган.

Ал өз сөзүндө тиешелүү долбоорлорду илгерилетүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, аталган форумга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова, энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев, инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов, БУУнун системасынын туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело жана башка тиешелүү өкүлдөр катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: