super.kg logo

Музыкант Викрам Рузахунов Алматыда кыйноого кабылганын айтты

 

Алматыдагы баш аламандык учурунда кармалган кыргыз музыканты Викрам Рузахунов абакта отурганда кыйноого кабылганын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Сурак маалында мен белгилүү музыкант экенимди айтып, жөн гана атымды жазып издеп көрүүнү сурандым. Жооп катары сөгүш жана шылдың угуп жаттым", - деп жазды Рузахунов.

Ал эгер анын видеосу социалдык тармактарга жарыяланбаганда анын кармалганын эч ким билмек эместигин билдирди.

"Жүздөгөн негизсиз камалган, бейкүнөө адамдардын ичинен мени тандап, сценарийди жаттатып, камерага кайра-кайра айттырган адамга рахмат. Дарыгерлердин айтымында, мен көпкө жашамак эмес экенмин. Анткени сынган кабыргаларым өпкөмдү жабыркатып койгон экен. Дагы бир-эки сокку болгондо жүрөккө зыян келмек экен", - деп жазды ал.

Өз кезегинде Викрам Рузахунов өлкө башчы Садыр Жапаровго, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жана аны колдогон бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.02.2022. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бийлик үчүн эмнени гана кылып жатат Жоомарт Токомбаев! Бир күнү өзү деле бул дүйнөдөн кетээрин бир ойлосо! Бектер кетет эл калат! Жыйып алган байлыктарына балдары көөп, кутурат көздөрүн май басып. Элдин акчасы элге сарпталыш керек!
11.02.2022. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sajakat14,Озун Токомбаев!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: