Борбор калаадагы мектептердин биринде окуучу кыз өз жанын кыюуга аракет кылды
Бишкектеги Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинде окуучулардын бири өз жанын кыюуга аракет кылды. Бактыга жараша, мугалимдер өз учурунда жардам көрсөтө алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясына байланышканыбызда, маалыматты тастыкташты.
Мэриядан билдиришкендей, окуя бүгүн, 10-февралда орун алган.
"Андан соң мектепке окуучунун ата-энеси, ошондой эле ыкчам иликтөө тобу чакырылып, окуянын бардык катышуучуларынын түшүнүк каттары тапшырылды.
Окуучу кызга психологиялык жардам көрсөтүлдү", - деп билдиришти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:16
2025-07-22
14:41
2025-07-22

12:08
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.