Бишкекте "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун тарапташтары митинг өткөрүп жатат
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын алдында блогер Мирлан Ураимовду колдоо митинги болуп жатат. Бул тууралуу видео активист Кылыч Шанаевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Алар Ураимовду боштондукка чыгарып, адилеттүү чечим кабыл алынышын талап кылышууда.
"Азыр соттук отурум жүрүп жаткан учур. Сыртта "Ураимовго боштондук! Адилеттүү чечим" деп кыйкырып турушат.
Соттун чечимин күтүп отурабыз. Акыйкат чечим болсун эми", - деп жазып калтырган ал.
Маалымат үчүн:
8-февралда SUPER.KG порталына өздүк булактар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалганын маалымдаган. 9-февралда УКМК Мирлан Ураимов эмне себептен кармалгандыгы боюнча түшүндүрмө берген. Ал 48 саатка камакка алынган.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча пикирин билдирген болчу. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мирлан Ураимовдун ишин прокуратура эми карап баштарын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Azat-123

11.02.2022. 04:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Камалып тынсын нары
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.