COVID-19: Өлкөгө кирүүнүн шарттары жеңилдетилет
Министрлер кабинети COVID-19га байланыштуу өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртүүнү тапшырды. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан белгилешет.
Маалыматка ылайык, оорулуулар менен байланышта болгондорду милдеттүү түрдө изоляциялоо жокко чыгарылат.
"Эгерде сизде эмдөө сертификаты бар болсо, анда терс ПЦР тесттин сертификаты милдеттүү эмес. Ал эми эмдөөдөн өтпөгөн жарандар ПЦР анализинин сертификаты менен республикага кире алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигине 11-февралдан баштап алгоритмдерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды. Мындан тышкары, өзгөчө Ош жана Талас облустарында эмдөө темпин тездетүү тапшырмасы берилди", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.