super.kg logo

"Төө-Ашуу" ашуусуна төгүлгөн мазутту тазалоо иштери эртең башталат

 
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине чыккан "Төө-Ашуу" ашуусуна мазут төгүлгөнү боюнча маалымат чыккан. Буга байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жеринде текшерүү жүргүзүп, мазут төгүлгөнүн аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашат.
"Министрликтин кызматкерлери жерине барып айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсептеп, тоонун бетине төгүлгөн мунай заты 928 чарчы метр жана жолдун жээгинде 460 чарчы метр төгүлгөнү, жалпы келтирилген зыян 33 миң 74 сомду түзгөндүгүн аныкташты.
Төгүлгөн мазутту тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгына жана Жайыл райондук администрациясына каттар жөнөтүлгөн. Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте тазалоо иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Эртең, 12-февралда жеринде тазалоо иштери пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
11.02.2022. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйлошуу жургузгуло, тактагыла жаакшылап, бир жоолугуп суйлошкуло, кандай кылабыз эмне кылабыз деп, анан чечкиле, чай устундо албетте. Бир кун мин болбойт, эч "шашшпагыла".
11.02.2022. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташиевтин жээни банкрот...
11.02.2022. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун кеч болуп калды эми эртен баштап туура кыласынар, мумкун силер баргыча озу жоголуп кетет.
11.02.2022. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мазут деген эмне
13.02.2022. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siren90, нефттин аталаш тууганы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: