super.kg logo

Бишкекте 3 мектепте окуучулар бут кийимин алмаштырып кирет

 
Бишкекте 3 мектепте бут кийимин алмаштыруу, ошондой эле мектептерде жана бала бакчаларда таштандыларды тазалоону пилоттук режимде колдонуу боюнча долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин үч мектебинде бут кийим алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор иштей баштады. Бут кийим алмаштыруу долбоору азыркы тапта Свердлов районундагы №21, Биринчи Май районундагы №81 жана Ленин районундагы №84 орто мектептеринде иштеп жатат. Аларда шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан бут кийим үчүн шкафтар коюлуп, балдар мектепке бут кийимдерин алмаштырып киришет.
Билим берүү жайларынын администрациялары ата-эне жана окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Демилгени ата-энелер колдоп, каршы пикир айтылган эмес.
Долбоордун максаты имарат ичинде тазалыкты сактоо, окуучуну өзүн алып жүрүү маданиятына жаштайынан көндүрүү болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: