super.kg logo

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери окуучуларга сабак өтүштү

 

Бишкектеги №38 мектептин окуучуларына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери сабак өтүштү.

Башкармалыктан кабарлашкандай, тарбиялык-профилактикалык иштер балдарга жана алардын жолдо жүрүм-турумуна эң жакшы таасирин тийгизет.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери №38 мектепте болушуп, окуучулар менен жол эрежесин сактоонун маанилүүлүгү тууралуу тематикалык баарлашууларды өткөрүштү. Мисалы, жөө жүрүүчүлөр, велосипедчен балдар жана жүргүнчүлөр. Ал эми окуучулар кырдаалдык маселелерди чечип, билимдерин көрсөтүштү.

Балдарга жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүүдө коопсуз жүрүм-турум эрежелерине, кайсы бир объекттердин айынан жолго чыгууга жол бербөө боюнча эскертилди. Маектешүүдө жарык чагылдыруучу элементтерди жана желеттерди колдонуу маанилүү экендиги айтылды. Инспектор балдарга караңгыда көзгө илинүү эмне үчүн маанилүү экенин жана мында жарык чагылдыруучу элементтер, жилеттер кандай роль ойноорун айтып беришти. Балдар жол эрежеси боюнча эң сонун билимдерин көрсөтүштү. Эң негизгиси балдар жол эрежесин билип эле тим болбостон аны сактоо жана сөзсүз түрдө аткаруу керектигин түшүнүшү керек.
Сабактын аягында инспекторлор жөө адамдар менен бирге ойноо иретинде жолдо жана короодо коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча алган билимдерин кайталашты", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: