Лампочкалардын 40ка жакын түрү чыгарылат. Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу заводунун иши жанданды












Жалал-Абаддагы ири Майлуу-Суу лампа заводунун иши кайра жанданды. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Аталган жайга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барып, ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты.
"Азыркы учурда Майлуу-Суу лампа заводунун жалпы мүмкүнчүлүгүнөн 30 пайыздык жумуш аткарылып жатат. Бул жайдын башкы маселеси өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктар экени белгиленди. Мындан улам жумушчулардын жана өндүрүштүн ыргагы басаңдаган.
Облус башчысы ири заводду натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты. Алдыда Майлуу-Суу лампаларын мамлекеттик мекемелерге сатууну жолго коюу демилгеси министрлер кабинетине сунушталарын билдирди. Бул шаар калкынын басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыздаган заводдун ишин жандантуу жана ата мекендик өндүрүштү колдоо аракети экенин айтты.
Майлуу-Суу лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 миллиард электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен.
Азыркы учурда жогорку сапаттагы электр лампочкаларынын 40ка жакын түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 миллион 500 миң даана лампа даярдаган", - дешет мекемеден.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 26 миңдей калк жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
1

Бир колго алып сведиод же башка энергия сарамжалдуу лампаларды чыгарууга модернизация кылыш керек. Бул замандын талабы жана туура кадам болот. Акчаны аяган менен бул лампочкаларды алган адамдар электр энергияга, мамлекет энергияны генерациясынан чыгымга учурайт.