"Бул жалган маалымат". Нарын ОИИБи күйдүргү илдети тарап жатат деген маалымат боюнча билдирүү таратты
Нарын ОИИБи социалдык тармактарда тарап жаткан аудио уктурма боюнча тастыктама таратты.
"Социалдык тармактарда тарап жаткан белгисиз жаран Нарында күйдүргү илдети (сибирь жарасы) чыгып жаткандыгы тууралуу билдирүү жасаган. Бул боюнча аудио уктуруу WhatsApp мессенжериндеги тайпаларда тарап жаткандыгына байланыштуу Нарын ОИИБи тастыктама беребиз. Азыркы учурда облус аймагында эч кандай мал оорусу боюнча факты катталган жок жана бул оору боюнча эч кандай билдирүү келип түшкөн эмес. Бул жалган маалымат. Жарандарды бул билдирүүгө ишенбөөгө чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:59
2025-07-22
9:47
2025-07-22

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.