super.kg logo

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү: "Кыргыз-Тажик чек арасында кырдаал туруктуу"

 

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында Кыргыз-Тажик чек арасына жергиликтүү тургундар чогулуп жатканын баяндаган видео социалдык тарамакка тараган.

Аталган аймактагы абалды билүү үчүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевге байланышканыбызда, учурда абал туруктуу экендигин билдирди.

"Максат айылында чек арага жакын жерде жергиликтүү тургундар чарбалык жумуштарды жасап жүрүшкөн. Ошол эле учурда Тажик Республикасынын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Ошондой эле Тажикстандын жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесинде кандайдыр бир жумуштарды жасаганга аракет кылышты.

Бирок чогулган адамдардын арасында эч кандай уруш-талаш болгон жок. Чек арачылар сүйлөшүп, убактылуу жумуштарды токтотушту. Чогулгандар тарап кетишти. Азыркы учурда чек арада кырдаал тынч. Кооптонууга эч кандай негиз жок", - деп билдирди Алимбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: